АРХЕОЛОГИЯ СҮЙҮҮЧҮЛӨРДҮН TYPKCTАН ИЙРИМИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– илимий коом; 1895-ж. 11-декабрдачыгыш таануучу, академик В. В. Бартольддунж-а Ташкенттеги эркектер гимназиясынын ди-ректору Н. П. Остроумовдун демилгеси м-н О.Азияда ачылган. 1917-ж. чейин О. Азиянын археологиясынын, материалдык маданиятынын тарыхын таанып-билүү, байыркы эстеликтерди сактоо б-ча иш жүргүзгөн. Ийрим жыйналыштарын Түркстан генерал-губернаторунун резиденциясында өткөргөн. Жер-жерлерден алынган байыркы эстеликтер тууралуу маалыматтар,тарых, археологияга байланыштуу ил. ачылыштар, табылгалар тууралуу ой-пикирлер талкууланган, чет элдик ил. коомдор м-н байланыштүзүшкөн. Басма беттерине макала жарыялашкан. Ийримде улуу державалык шовинизм идеяларын тараткан барон Б. А. Вревский Сибирь, Жети-Суу, Фергана аймактарын славяндардын байыркы бабаларынын жери, сак-массагеттер славяндардын бир тамыры, чыгыш элдеринин тамыры арий-славяндарынан тараган деген пикирди айткан. В. М. Флоринский болсо, орус падышачылыгы славяндарды байыркы мекенине алып келүүдө (Түркстанга) деген идеяны тараткан. Ийримдин «Протоколы заседаний и сообщений членов Туркестанского кружка любителей археологии» аттуу журналы чыгып турган. 1919-ж. ийрим Россия геогр. коомунун Түркстан бөлүмүнө секция катарында кирген. Россия геогр. коомуна 1896-ж. Таластагы байыркы түрк-руна жазуусу тууралуу Олуя-Ата уездинин начальниги В. А. Каллаур биринчилерден болуп кабар берген. 1903-ж. 15-январда ийрим Н. Г. Хлудовдун Саймалы-Таш ж-дө алгачкы билдирүүсүн угуп, И. Т. Пославский ошол эле жылы Фергана тоо кыркасынын Көгарт ашуусундагы Саймалы-Таш сүрөт галереясын изилдеген. Бурана, Таш-Рабат сыяктуу белгилүү археол. эстеликтер ийримдин мүчөлөрүнүн көңүл буруусун арбыткан.
К. Табалдиев.