АРХЕОЛОГИЯЛЫК БУЛАКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

– байыркы адамдардын турак жайлары, эмгек куралдары, көрүстөндөр, аска-таштардагы сүрөттөр, жазуулар, шаар калдыктары ж. б. материалдык эстелик даректери. А. б. байыркы элдердин, коомдордун социал.-экон., саясий тарыхы, этногенези, элдердин байланышы, руханий мад-ты, каада-салты б-ча баалуу маалымат алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Бул даректердин маалыматтарын тактоо, ырастоо үчүн материалдык калдыктардын үстүндө иштөөнүн өзүнчө ыкмасы иштелип чыгат. Мис., типологиялык изилдөө, классификациялоо, доорун аныктоо методологиялары, археол. мад-ттарды системалап бөлүү, салыштырма анализ жүргүзүүлөргө таянган ыкмалар. Натыйжада, байыркы калдыктардан археология үчүн зарыл маалымат алынат. Ушундан кийин археол. табылга-буюм – материалдык булакка айланат.
К. Табалдиев.