АРТРОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

(гр. arthron – муун) – муундун өнөкөт оорусу. Ал эндокриндик бузулуу, муун травмасы, организмдеги зат алмашуунун бузулушу, өтө семирүү, о. эле муундарга дайым күч келгенден (бийчилерде, спортчуларда ж. б.) пайда болот.
Тар бут кийим да А-дун себеби болушу мүмкүн. А. ири (тизе, жамбаш, чыканак, кызыл ашык) ж-а майда муундарды, а. и. омурткаларды (спондилоартроз) жабыркатат. Мында сөөктөрдүн муунга бириккен учундагы кемирчек бузулуп, жукара баштайт, о. эле сөөк тканы ж-а муун баштыкчасынын ички бети бузулуп, кээде сөөк өсөт. Белгилери – муундар мезгили м-н ооруйт. Айрыкча өтө күч келгенде же узакка кыймылсыз абалда болгондо оору күчөйт, муундун кыймылы азаят. Муундар шишимик тартып, ага тийгенде ооруйт, бүккөндө, сунганда кырсылдайт. Муундун формасы өзгөрүп, ири муунда суюктук толушу мүмкүн. Дарылоо кайсы муундун жабыркаганына ж-а оорунун абалына жараша жүргүзүлөт. Организмдеги зат алмашуу процессии калыбына келтирүү ж-а жабыркаган муунга күч келтирбөө керек. Кээде хирург. операция талап кылынат.