АРМСТРОНГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

Нил (Armstrong) (1930-ж. т., Огайо штаты, Уапаконета ш.) – АКШнын учкуч-космонавты. 1955-ж. Пердью ун-тин (Индиана штаты, Лафайетт ш.) бүтүргөн. Айдын бетине биринчи кадам койгон адам. Аскер-деңиз флотунун офицери, кийин Льюис изилдөө борборунда учкуч-сыноочу. 1962-жылдан АКШнын космонавттар тобунда болуп, 1966-ж. 16-мартта «Джемини-8» космос корабли м-н Д. Скотт экөө космоско учкан. А. 1969-ж. июлда «Аполлон- 11» корабли м-н (экипаждын мүчөлөрү: Э. Олдрин, М. Коллинз) дүйнөдө биринчи жолу Айга учуп, 20-июлда ага барып конгон. 21-июлда Ай бетинде (Олдрин м-н) 31 мин 40сек болгон. Жерге 24-июлда кайтып келишкен. Айдагы бир кратер анын ысымы м-н аталган.