АДАМДЫН ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИГИНИН ВИРУСУ
Jump to navigation
Jump to search
(АИЖВ – ВИЧ)‒ иммунитет жетишсиздик оорусунун синдромунун (ИЖОС ‒ СПИД) козгогучу. Вирусту 1983-ж. Париждеги Л. Пастер атн. ил.-из. ин-тунун проф. Монтанье башкарган илимпоздор тобу рактын бир түрү м-н ооруган кишиден тапкан. Ошол эле жылы АКШда проф. Галло ж-а жардамчылары бул вирусту ИЖОС м-н ооруган адамдын канынан, спермасынан бөлүп алышкан. АИЖВ ‒ татаал түзүлүштөгү вирус. Дүйнөдөгү белгилүү микроорганизмдердин ичинен ушул вирус гана РНК м-н ДНКны синтездөөгө жөндөмдүү. ДНКда тукум куугучтук, ген. маалымат жайгашат, ал эми информацияны РНК «ташып жүрөт». Ошондуктан АИЖВ ретровирустардын катарына кирет. 1986-ж. анын жаӊы түрлөрү ‒ мутанттары (I, II, III) табылган. Алар өз ара ген. белгилери м-н айырмаланат, ар бир мутанттын гени ар башка. Вирустун генинин түзүлүшүнө карата «субтиптерге» бөлүнүп, латын тамгалары (А, В, С, N, O, D ж. б.) м-н аталат. Гомосексуалдардын эпидемиясында АИЖВнын В‑субтибине байланыштуу ийне саюу жолу м‑н жугузган баңгилерде А‑субтиби басымдуулук кьшат. Жыныс жолу м‑н жугузгандарда көбүнчө В‑субтиби кезигет. Вирус таякча, үтүр же тоголок шар сымал болот. Айлана‑чөйрөнүн шартына чыдамсыз, жылуу жерде 10‑30 мин гана жашайт. Чөйрөнүн темп‑расы 56°тан жогорулаганда өлөт. Хим. заттарга туруксуз, бирок радиацияга, ультракызгылт көк нурга бир топ чыдамдуу. Ал тирүү клеткада мителик кылгандыктан, адам организмииде гана жашоого, көбөйүүгө жөндөмдүү. Адамдын калы, лимфа суюктугу, эркектин тукум уругу (сперма), жүлүн суюктугу, жыныс мүчөлөрүнүн былжырлуу суюктуктары вируска жагымдуу шарт болуп, анын таралышында мааниси зор. АИЖВ адам иммунитетин тейлөөчү кан клеткалары м‑н азыктанат. Адамга жуккан вирус канга өтүп, лимфоциттерге кирип, генетика аппаратында көбөйөт, аларды «жеп» бүткөндөн кийин, андан чыгып (провирустар) башка лимфоциттерге өтөт. Натыйжада, лимфоциттердин саны массалык түрдө азайгандыктан адамдын иммунитети начарлап, антитело бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жоготот. Иммунитет жетишсиздиги бүтүндөй иммундук системанын «кыйрашына» алып келет.
Т. А. Тыналиева.