АРАЛ кыштагы Талас району
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
–Талас р-ндагы кыштак. Арал айыл округунун борбору. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 55 км чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 150 км аралыкта
жайгашкан. 1929-ж. орношкон. Деңиз деңг.
1600 м бийиктикте. Калкы 3780 (2009); негизинен мал чарбасы ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, дарыкана, амбулатория,
клуб, 2 китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.