АПЛОДИСМЕНТ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. applaudo – кол чабам) -
колдоо көрсөтүү, сүрөөн, салам айтуу белгиси.
Театрда – көрүүчүлөрдүн сахнада аткарылып
жатканды колдоо катары кол чабуусу, о. эле
акттын соңунда актёрлорду сахнага чакыруу.
Байыркы Римде эле А-тин ар кандай мааниси
бар, иштетилген системасы болгон. А. азыркыга чейин өз маанисин жогото элек.