АПЕЛЛЯЦИЯ
(лат. apellatio – кайрылуу) –
мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек сот чечимдерин кайра кароо жолу; апелляциялык инстанция соту аркылуу ишти кайра кароо ж-а чечүү.
А. Байыркы Римде император Юстиниандын
(527–565) тушунда сот өндүрүшүнүн маанилүү
элементи катары пайда болгон. Ошол мезгилде
эле А-лык даттануу ж-а аны кароо мөөнөтү белгиленген. Батыш Европада А-нын өнүгүшү борборлоштурулган мамлекеттердин пайда болушу
м-н тыгыз байланыштуу. Анда Рим укугунун
ин-ттарынын рецепцияланышынын негизинде
жарандык процесс калыптанган. Бара-бара Германия ж-а Францияда Рим ж-а улуттук укуктарынын жуурулушу м-н даттануу системасы
толугу м-н түзүлгөн. Бул системанын негизги
шарты катары сот чечимдерин кароонун А-лык
тартиби эсептелип, Германиянын жарандык -
процессуалдык кодексинде (1806; 1877), Франциянын кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде бекемделген. Россиянын жарандык процессинде А. 1917-ж. чейин аракетте болгон. Совет өлкөсүндө 1917-ж. 22-ноябрда жаңы элдик
соттордун кадыр-баркын бекемдөөгө тескери
таасирин тийгизет деген шылтоо м-н жоюлган.
1992-ж. Арбитраждык процессуалдык кодекси
аркылуу А-лык ин-т кайрадан калыбына келтирилген, к. Апелляциялык даттануу.