АҢЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– эт, тери, май ж. б. алуу максатында ар түрдүү куралдардын жардамы м-н

жапайы айбанат ж-а илбээсин уулоо. А. адам­дын байыртадан эле жашоо-тиричилик булаты болуп келген. Алгачкы адамдар А-ка чогуу (топтошуп) чыгып, таш, таш балта, найза сымал курал пайдаланышкан. Тарыхта А. ар бир элдин тиричилигинде ар түрдүү мааниге ээ болгон. Эл жашаган чөйрөгө, токойлорго ж-а жаныбарларга карата өнүккөн. Түн. элдеринде б. з. ч. 1- миң жылдыкта эле деңиз жаныбарларына кайык м-н, жээктен, муз үстүндө А. кылуу белгилүү. Тайга м-н тундрада ит ж-а тутма курал м-н А. таралган. Азиянын көчмөн элдерине атчан алгыр куш салуу мүнөздүү болгон. Индоне­зия ж-а Түш. Америкада үйлөмө куралдар, ал эми тропик токойлорунда жашаган элдер жаа ж-а найза колдонушкан. Кыргыздар башка түрк элдериндей эле илгертен мал чарбасы м-н А-ты кесип кылып келген. Негизинен мылтык, аңчы ит (тайган, лайка ж. б.), алгыр куштардын жардамы м-н А. кылынат, о. эле капкан, кылтак ж. б. колдонулат. А. кылуунун көп ыкмалары бар. Аларга мылтык атып, из кууп аң уулоо; өңүткө туруу (мис., айбанат ийининин жанына, сууга келчү жолуна, түнөгүнө ж. б.); айбанаттын ийинин казуу, түтөтүү же суу толтуруу; үн салып чакыруу (мис., үнүн тууроо); айдоо (мис., кайберенди өңүттөгү мергенчини көздөй) ж. б. A-та тутма куралдар да пайдала­нылат. Мындай куралдар, мис., капкан, тузак ж. б. ийиндин оозуна, айбанаттар өтүүчү жолго, суу ичүүчү жерге ж. б. коюлат. Азыркы мез­гилде А. шарттуу түрдө үчкө бөлүнөт.

ПромыселдикА.

– аңчылыктын негизин түзөт. Максаты – куну териси, кайберен эти м-н өнөр жайды, калкты камсыз кылуу ж. б.

СпорттукА.

– куну айбанат, кайберен, илбээсин кармоодон тышкары аңчынын ыкчамдыгын, чыйрактыгын ж. б. арттырат, о. эле эс

алууда да чоң мааниге ээ. И л и м и й А. – промыселдик фаунаны, алардын ылаңдарын ж. б. изилдөө үчүн ил. мекемелер тарабынан жүргүзүлөт. Азыркы А-тын өөрчүшү табиятты үнөмдүү пайдалануу ж-а табиятты коргоо маселелерине байланыштуу мамл., о. эле мамлекет аралык планда чечилет. О. эле к. Биотехния.