АНТРАЦИТ
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(гр. anthrakitis – көмүрдүн бир түрү) – жогорку даражада метаморфизмделген гумустуу таш көмүр. Тыгыз, жалтырак, өңү бозомтук кара. Электр тогун жакшы өткөзөт.
Күйгөн кезде 8100-8350 ккал/кг жылуулук чыгарат. Курамында 93,5-97% көмүртек бар, андан көп болсо суперантрацит деп аталат. Жаратылышта А. ар кандай калыңдыктагы (40 мге чейин) катмар түрүндө, девондон тартып юрага чейинки бардык геол. мезгилдерде кездешет. Көмүрдүн дүйнөлүк запасынын 3%не жакынын А. түзөт (к. Көмүр кендери). А-тин кени Кырг-нда Өзгөн бассейининде бар. А. негизинен жогорку сапаттуу энергетикалык отун катары, айрым сорттору домна процесстеринде, чоюн эритүү иштеринде колдонулат.