АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР
Jump to navigation
Jump to search
абразивдер– металлдын бетин, минералдарды, тоо тектерди, айнекти ж. б. материалдарды мех. иш тетүү үчүн (кесүү, курчутуу, жылмалоо ж.б.) колдонулуучу өтө катуу заттар. Алар табигый (алмаз, корунд, чарык таш, пемза, гранит ж.б.) ж-а жасалма (электркорунд, карборунд, бор карбиди, жасалма алмаз) болуп бөлүнөт. Жасалма А. м-дан жасалган аспаптардын мизи жука болуп, катмарлап кырып-жонууга мүмкүндүк берет. Алардын өтө катуулугу кыруу-жонуу иштерин ылдамдатып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.