АМУР МАДАНИЯТЫ
19:57, 21 Май (Бугу) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
– неолит дооруна (б. з. ч. 5 ж-а 1 миңинчи жылдыктын башы) таандык, Амур-Дарыясынын ортонку ж-а төмөнкү бойлоруна тараган маданият. Негизинен чопо идишаяктары, таштан жасалган эмгек куралдары табылган. А. мад-н калтырышкан уруулар көчмөн ж-а жарым көчмөн турмушта жашап, аңчылык м-н тиричилик кылышкан.