АЛЫМКОЖОЕВ Асанбек Тунгучпаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Асанбек Тунгучпаевич (11. 4. 1956-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Сарбан айылы) – генерал-майор (2004). Алматы командалык жогорку аскер окуу жайын (1977), М. В. Фрунзе атн. аскердик академияны (1985), офицерлердин борб. курсун (1989), РФдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик академиясын (2003) бүткөн.
АЛЫМКОЖОЕВ 18.png

1981–2006-ж. Түркстан аскердик округунда полктун начальниги, штабдын начальнигинин орун басары, аскердик бөлүктүн командири, 2006–09-ж. КРдин Улуттук Гвардиясынын командачысы, 2009–10-ж. КРдин Баткен облустук мамл. администрация башчысынын орун басары, 2013–14-ж. КР Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук гвардиянын командачысы, 2014–15-ж. Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги болуп иштеген. Кызыл Жылдыз, 2- ж-а 3-даражадагы Манас ордендери м-н сыйланган.