АНГИЛЬЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 А нгуилла – Улуу Британиянын Кариб деңизиндеги ээлиги. Кичи Антил

архипелагынын түн. четинде жайгашкан. Ангилья а-н (аянты 91 км, уз. 26 км, туурасы 5 км; эл жашаган а.) ж-а элсиз аралдар тобун (Скраб, Дог, Сомбреро, Прикли-Пир-Кейс, Сил ж. б.) камтыйт. Аянты 102 км2 (башка маалыматтар б-ча 96 км2). Калкы 14,4 миң (2009); негизинен Вест-Индиялык негрлер (90%), о. эле мулат, англичандар жашайт. Динге ишенгендер протестанттар (англикандар, методисттер). Адм. борбору – Валли. Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Аралдары акиташтуу кумдуу пляждардан туруп, алар шуру (коралл) рифтери м-н курчалган. Ангилья а-нын жеринин бети салыштырмалуу тегиз келип, жапыз дөбөлөрдөн (бийикт. 65 м, Крокус-Хилл) турат. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орт. темп-расы 18–24°С. Эң ысык мезгили урагандуу июнь–октябрга туура келет. Жылдык жаан-чачыны 700–1200 мм (макс. август-ноябрда, мин. февраль – апрелде). Жаан суусу ичүү үчүн пайдаланылат. Өсүмдүгү сейрек саванна; жапыз өскөн бадалдар деградацияга учураган. Аралды жээктей кокос пальмасы, жүзүм өстүрүлөт. Ички дүң продукциясыньш көлөмү 175,4 млн доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 12,2 миң доллардан (АКШ) туура келет (2009). Чарбасынын негизин чет элдик туристтерди тейлөө (жылына 45 миң) түзөт. Туз казылып алынат. Балык, омар, лангуст кармалат. Таттуу картошка, тамеки, ак жүгөрү (сорго), жашылча, жүгөрү айдалат. Кой, эчки, чочко багылат. Темир жол жок. Автомобиль жолунун уз. 175 км (анын 82 кми асфальтталган). Башкы деңиз порту – Блоуинг-Пойнт. Чакан эл аралык аэропорту бар. Сыртка омар, балык, туз, ром чыгарып; сырттан отун, азык-түлүк, химикат, тиричилик товарларын алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Улуу Британия, ПуэртоРико. Р. Карачалова.