АМПУТАЦИЯ
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. amputatio – кесип таштоо) – адамдын мүчөсүн (колу, буту, эмчек, жатын) же анын кайсы бир бөлүгүн хирург. жол
м-н кесип таштоо. Оорулуунун абалына жараша
кол, бут манжасы муундан ажыратылып кесилет же ал мүчө бүт алынат. А. жабыркаган мүчө
тиричиликке жөндөмүн жоготкондо же аны кесип таштоо м-н оорулуунун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон учурда гана жасалат. Бул
операция коркунучтуу шишикте, гангренада.,
кол, бут катуу кырсыкка чалдыкканда ж. б.
жүргүзүлөт. Азыркы убакта жаракат алган
орган А. жасалбай эле микрохирургия ыкмалары м-н кайра ордуна тигилет.