АМПЕР ЗАКОНУ
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
– магнит индукциясынын вектору В м-н мүнөздөлгөн магнит талаасына жайгаштырылган I тогу өтүүчү өткөргүчтүн А1
бөлүгүнүн узундугуна таасир этүүчү мех. күчтү
аныктоочу закон: F = kIB AI sin а , мында а
магнит индукциясы м-н токтун элементинин IAI
арасындагы бурч. Вектордук А. з. d,F = [Т<й ■ в\
түрүндө жазылат. Бул закон 1820-ж. ачылган.
Фр. физиги Ампер F күчүнүн чондугу ток күчүнө
(/) таасир эткен магнит талаасынын индукциясына (В) ж-а ток өтүп жаткан өткөргүчтүн магнит талаасын каптаган узундугуна (&1) пропорциялаш экендигин далилдеген. AF вектору ток
өтүүчү өткөргүчкө ж-а магнит индукциясынын
векторуна перпендикуляр болот. Ампер күчүнүн
F багыты сол кол эрежеси м-н аныкталат. Ар
ТҮРДҮҮ электр кыймылдаткычтар (моторлор),
электр тогунун чоңдуктарын өлчөөчү приборлордун айрым түрлөрүнүн иштөөсү Ампер күчүнө
негизделген.