АЛЯСКА КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Алясканын түштүгүндө. Түн. Америка Кордильерасынын системасьша кирет. Уз. 1000 кмдей. Бийикт. 6194 мге

чейин (Мак-Кинли чокусу – Түн. Американын эң бийик жери). Кыр бөлүгү интрузия тоо тектеринен (гранит-диорит) турат. Капталдары тик, өтө тилмеленген. Тоонун нымдуу түш. капталында 800 м бийиктикке чейин карагайлуу токой өсөт, андан жогору кар, мөңгү жатат. Түн. капталдары каксоороок; токойдун чеги 1000– 1100 мге чейин көтөрүлөт; андан жогору тоолуу тундра ээлейт.