АЛТЫНТАГ ТООЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Кытайдын батышында,

Тарим ж-а Цайдам өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 800 кмдей. Бийикт. 6161 мге чейин. Негизинен метаморфизмделген тоо тектерден турат. Түн. капталы тик, түштүгү жантайыңкы. Шагыл таштуу, шор топурактуу чөл ж-а жарым чөл, андан жогору шалбаа ж-а талаа ландшафттары ээлейт; чакан мөңгүлөрү бар.