АМИНКИСЛОТАЛАРЫ
– молекуласында кар-боксил (СООН) ж-а амин (NH2) топтору бар орг.
бирикмелер. Амин топтордун жайгашышына жараша α-, β-, γ- аминкталары деп бөлүнөт. аА. жогорку темп-рада (220-315°С) эрий турган түссүз кристалл түрүндөгү заттар, сууда жакшы эрийт, көпчүлүк орг. эриткичтерде эрибейт. Бе-лок молекулалары А-нан турат ж-а аны гидролиздөөдөн 20дан ашык А. алынган. Алар а-, (3- каныкпаган карбон к-таларына аммиакты кошуудан алынат. 1926-ж. В. М. Родионов реакцияны бир баскычта жүргүзүү жолун, б. а. чексиз карбон к-таларына аммиакты кошуу реакциясын сунуш кылган:
Бир NH2 ж-а бир СООН тобун кармап турса моноамин карбон к-талары, мис., NH.-CH.-COOH
(глицин), эгерде эки NH2 ж-а бир СООН тобу
болсо диамин карбон к-талары NH2-CH2- (СН2)3
CH(NH2)3-COOH (лизин), ал эми бир NH2, эки
<notkey>СООН</notkey> тобу бар к-талар моноамин дикарбон
к-талары деп аталат. А. амфотердик касиетке
ээ. Белок молекуласы А-нан тургандыктан тирүү
организм үчүн мааниси өтө чоң. Медицинада
дары-дармек катары, тамак-аш өнөр жайында,
кээ бири пластмасса ж-а синтездик була алууда, мал чарбасында ж-а ветеринарияда, малды
тоюттандырууда колдонулат.
Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990;
Адылов С. А., Леа но в Ү. А. Органикалык химия. Б.,
1991. Ж. Медетбекова.