АМИНДЕР
– аммиактагы NH3 суутектин бир,
эки же үч атомунун орг. радикалдар (R) м-н орун алмашуусунан пайда болгон бирикмелер. Суу-тектин орун алмашкан атомдорунун санына жараша биринчилик (RNH2), экинчилик (R2NH) ж-а үчүнчүлүк (R3N) болуп бөлүнөт (мында Rсн., с2н5, с6нп, с6н5 ж. б.). Радикалдардын түзүлүшүнө жараша алар алифаттык (метила-мин CH3NH2), алициклдүү (циклогексиламин C6H11NH2), ароматтуу (фениламин же анилин C6H5NH2) ж-а гетероциклдүү [2-аминопиридин C5H4N(NH2)] болуп айырмаланат. Молекуласындагы амин топторунун санына жараша моно-, ди-, три ж-а полиаминдер деп аталат. Жөнөкөй А. – аммиак жыттуу газ, ири мол. массалуу А. суюктук ж-а катуу заттар. Ал негиздик касиетке ээ, к-талар м-н сууда эрүүчү туздарды пайда кылат. Катализатордун таасири м-н спирттерге NH3 кошкондо биринчилик, экинчилик ж-а үчүнчүлүк А. пайда болот: Failed to parse (MathML with SVG or PNG fallback (recommended for modern browsers and accessibility tools): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle ROH+NH<sub>3</sub>→RNH<sub>2</sub> ROH<br> R<sub>2</sub>NH ROH R<sub>3</sub>N } . Нитробирикмелерди калыбына келтирүү ж. б. жолдор м-н да алынат. А. өнөр жайларда боёк, дары-дармек заттарды, капрон, нейлон буласы алынуучу полимерлерди өндүрүүдө кеңири колдонулат. Алифаттык А. нерв системасына зыяндуу. Кээ бир ароматтык А. канцерогендүү болгондуктан адамдын табарсыгында рак оорусунун пайда болушуна алып келет.