АНИМАЦИЯЛЫК КИНО
, анимация (англ.
animatio – жандануу) – кинодо бөлөк-бөлөк
сүрөттөрдү фотографиялоо ж-а аларды биринин
артынан бирин кыймыл иллюзиясын жаратуу
үчүн тез калыбына келтирүү. А. к. биринчи жолу
1892-ж. демонстрацияланган; ага-ини Люмьерлер кинокамераны ойлоп тапкандан кийин,
анын мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла өскөн.
ж. А. к-нун эң кеңири тараган түрү – мультипликациялык фильм, мультипликация (лат.
multiplicatio – көбөйүү) пайда болгон. А. к.
рекламада ж-а куурчак, силуэт фильмдерин жаратууда пайдаланылат. Графикалык мультфильмди сүрөтчү-карикатурачы Э. Коль (Франция, 1908) негиздеген. Россияда биринчи мультфильмдерди реж. В. А. Старевич койгон (1911-
13). А. к-нун дүйнөлүк өнүгүшүнө амер. сүрөтчү
ж-а реж. У. Дисней чоң таасир көрсөткөн. Ал
сүрөт м-н тартылган персонаждардын кубаттуу
индустриясын түзгөн (Микки-Маус, ДональдДак ж. б.). СССРде мультипликациялык өнөрканалар 1920-жылдары пайда болгон. Мультфильмдерди «Союзмультфильм» киностудиясы
(1936, Москва) чыгарат. 1977-ж. Кыргыз киностудиясында мультфильмдерди чыгаруучу бөлүм
уюшулуп, «Сандардын чатагы», «Олокон», «Ажы
даардын үңкүрү», «Торгой», «Байпактын түшү»
ж. б. алгачкы фильмдер коюлган. А. к-ну чыгарууда режиссёр-сүрөтчүлөр чоң роль ойнойт.
Кыргыз мульфильмдерин сүрөтчүлөр С. Ишенов,
Б. Жумалиев, Б. Жусупбеков, В. Белов, М. Сарулу, А. Даирбеков ж. б. тартышкан. 20-21-к-да
кино иск-восуна компьютердик дизайн, видеоарт, документалдык элементтер кеңири кире
баштады. А. к-нун эл аралык фестивалдары
Ансида (Франция), Оттава (Канада), Хиросима
(Япония), Сеул (Түш. Корея), Штутгарт (Германия) ш-ларында 1998-жылдан Украина ж-а Россияда жыл сайын өткөрүлөт. Н. Жылдызова.