АНИМАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Animation) – графиктик сүрөттөлүштөрдү кыймылдатуу, жылдыруу. Ал негизги графиктик сүрөттөлүштүн жөнөкөй кыймылынан майда-чүйдөсүнө чейинки комплекстүү

кыймылынын татаал процесстерин түзүүгө жөндөмдүү. «Шрек», «Подводная братва» кинолору ж. б. тартылган мультфильмдер, жүгүртмө саптагы (бегающая) жарнамалар А-нын эң жакшы мисалдары. Мультимедиа колдонмолорунда А. текст м-н графикке караганда маалыматты ачыгыраак көрсөтөт. Жаңылыктардагы же спорттогу эсеп тексттери да кыймылдатылып көрсөтүлөт ж-а ал тармак оюндарынын (сетевой оюндар) көбүндө колдонулат.