АНДРЕЕВ Николай Тимофеевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Николай Тимофеевич [21. 11. 1905,

Москва – 27. 9.1974, Фрунзе (азыркы Бишкек)] – Сов. Союз. Баатыры (1945), полковник. 1942-ж. «Выстрел» курсун, 1947-ж. М. В. Фрунзе атн. Аскер академиясына караштуу Армиялык жогорку курсту бүтүргөн. 1927-ж. Советтик Армияга чакырылып, солдаттан полковникке чейин күжүрмөн жолду басып өткөн. Улуу Ата Мекендик согушта 1028-аткычтар полкунун (1-Белоруссия фронту, 47-армия, 260-аткычтар дивизиясы) командири болгон. 1945-ж. Варшаванын түндүгүндө Висладагы плацдарм үчүн

АНДРЕЕВ 2 87.png

салгылашта Модлин – Варшава шоссесин кесип өтүп, душмандын күчүнө чоң зыян келтирген. Бул эрдиги үчүн Сов. Союз. Баатыры наамы ыйгарылган. Согуштан кийин Советтик Армиянын бөлүктөрүндө ж-а мекемелеринде жооптуу кызматтарды аткарган.
1953–58-ж. Кыргыз ССР аскер комиссары.
Кырг-н КП БКнын мүчөсү (1955–58),
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-шайланышынын депутаты. Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, 3-даражадагы Суворов, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.