АМФИБОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – тоотектерди түзүүчү минералдардын тобу. Алар жаратылышта кеңири А.

таралган. А. роговая обманкалуу габбро, диорит, амфиболит, горнблендит, амфиболдуу сланец сыяктуу магмалык ж-а метаморфизмделген тоотектердин көпчүлүк курамын түзөт. Өңү курамындагы темирдин өлчөмүнө жараша түссүз, жашыл кара. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 5- 6. С. салм. 3,1-3,3. Кристаллографиялык түзүлүшү м-н хим. курамына карай ромбалуу ж-а моноклиндүү А. болуп бөлүнөт. Ромбалуу А-го - антофиллит, моноклиндүү А-го – тремолит, актинолит, роговая обманка, глаукофан ж-а арфведсониттер кирет. А. геол. кубулупггардын таасиринен бузулуп, хлорит, эпидот, монтмориллонит, карбонаттарга ж. б. минералдарга айланат. А-дун асбест деп аталган түрү к-таларга туруктуу ж-а отко чыдамдуу болгондуктан хим. өнөр жайларда кеңири пайдаланылат.