АМИНКИСЛОТАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– молекуласында кар-боксил (СООН) ж-а амин (NH2) топтору бар орг.

бирикмелер. Амин топтордун жайгашышына жараша α-, β-, γ- аминкталары деп бөлүнөт. аА. жогорку темп-рада (220-315°С) эрий турган түссүз кристалл түрүндөгү заттар, сууда жакшы эрийт, көпчүлүк орг. эриткичтерде эрибейт. Бе-лок молекулалары А-нан турат ж-а аны гидролиздөөдөн 20дан ашык А. алынган. Алар а-, (3- каныкпаган карбон к-таларына аммиакты кошуудан алынат. 1926-ж. В. М. Родионов реакцияны бир баскычта жүргүзүү жолун, б. а. чексиз карбон к-таларына аммиакты кошуу реакциясын сунуш кылган:

Formula.F1

Бир NH2 ж-а бир СООН тобун кармап турса моноамин карбон к-талары, мис., NH.-CH.-COOH (глицин), эгерде эки NH2 ж-а бир СООН тобу болсо диамин карбон к-талары NH2-CH2- (СН2)3 CH(NH2)3-COOH (лизин), ал эми бир NH2, эки СООН тобу бар к-талар моноамин дикарбон к-талары деп аталат. А. амфотердик касиетке ээ. Белок молекуласы А-нан тургандыктан тирүү организм үчүн мааниси өтө чоң. Медицинада дары-дармек катары, тамак-аш өнөр жайында, кээ бири пластмасса ж-а синтездик була алууда, мал чарбасында ж-а ветеринарияда, малды тоюттандырууда колдонулат.
Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990; Адылов С. А., Леа но в Ү. А. Органикалык химия. Б., 1991. Ж. Медетбекова.