АМЕРИКА-МЕКСИКА СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– 1846–48-ж.

АКШнын Мексикага каршы согушу. 1835-ж. Мексиканын Техас штатында амер. плантаторлор козголоң чыгарышып, 1836-ж. Техас Мексикага көз каранды эмес мамлекет деп жарыялашкан. 1845-ж. Техас АКШнын курамына кошулган. АКШ ал аймактын чегин андан ары кеңейтүү максатында 1846-ж. 13-майда Мексикага каршы согуш ачат. Согуштун башталышында амер. аскерлер Нью-Мексиканы, Калифорнияны каратып алышкан. Ал эми Түн. ж-а Борб. Мексикада жерг. эл катуу каршылык көрсөтүшүп, көп жоготууларга учураган. 1847-ж. Веракрус портуна амер. десант түшүрүлүп, мамлекеттин борб. – Мехико ш-на чабуул башташкан ж-а ошол эле жылы шаарды басып алышкан. 1848-ж. февралда эки мамлекеттин ортосунда Гуадалупе-Идальго келишими түзүлгөн соң согуштук аракеттер токтотулуп, келишимдин шарты б-ча Мексика жарымынан көбүрөөк аймактарынан ажыраган (алар кийин Нью-Мексико, Аризон ж-а Калифорния штаттары деп аталып калган), ал эми АКШ Мексикага 15 млн доллар өлчөмүндө компенсация төлөгөн.