АЛТАЙ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(1948-ж. чейин ойрот тили) –

Россия Федерациясынын Алтай крайындагы Тоолуу Алтай автоном. обл-нда жашаган жерг. элдин тили. А. т. түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында кыргыз-кыпчак тобуна кирип, ал бир нече майда диалектилик топтордон ж-а түн., түш. болуп бөлүнгөн 2 чоң диалектиден турат. Түндүк диалектиге туба, куманды, чалканды; түш. диалектиге алтай-кижи, телеут, телеңгит кирет. А. т-нин түш. диалектиси байыркы кыргыз тилинин 5-10-кдардагы абалын көрсөтүп, кыргыз тили м-н бир классификациялык топту түзөт. Лексикалык, фонет., граммат. белгилери б-ча кыргыз тилине өтө жакын. 19-к-дын орто ченинде орус миссионерлери телеут диалектисинин негизинде алтайлыктар үчүн орус графикасындагы жазууну иштеп чыгышкан. 1922-ж. миссионерлер түзгөн графика кайрадан алтай-кижи диалектисинин негизинде жаңыча түзүлүп, азыркы алтай адабий тилинин негизин түзгөн. 1928-ж. алтайлыктар латын тамгасын кабыл алып, бирок кайрадан 1938-ж. орус графикасына өтүшкөн. А. т-нде 8 кыска (а, э, ө, а, ы, и, у, ү), 6 созулма үндүү (аа, ээ, оо, өө, уу, үү) ж-а 26 үнсүз тыбыш бар. А. т-нде үндөштүк закону сакталган. Лексикасында моңгол, орус тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр көп.
Ад.: Грамматика ойротского языка. Новосибирск, 1938; Баскаков Н. А. Алтайский язык . М., 1958.