АЛТАИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
алтай тилдеринде сүйлөгөн

элдердин (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур, корейяпон) тилин, тарыхын, этнографиясын, ад-тын, мад-тын ж-a дүйнө таанымын изилдөөчү илим. 1730-ж. А. адегенде алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги ж-дөгү гипотеза түрүндө жаралып, 1835-жылдан өзүнчө ил. багыт катары өнүгө баштаган. Бүгүнкү күндө да тил илиминдеги дүйнөлүк теор. чоң маселелердин бири катары калууда. Алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги ж-дөгү гипотезанын негиздөөчүсү катары Петр 1нин тушунда туткунга алынган швед офицери Ф. И. Табберт-Страленберг эсептелет. Ал Сибирде сүргүндө жүрүп, жерг. элдин турмуш-тиричилиги, фольклордук чыгармалары, этнографиясы, тили ж-дө көп материал жыйнап, аларды иликтөө м-н урал (угро-фин, самодий) ж-a алтай (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур) тилдеринин биринчи классификациясын түзүп (1730), тилдик окшоштуктарга өзгөчө көңүл бурган. Кийин бул көз караш А. Шатт (1839, 1849), В. Видеман (1838), М. А. Кастрен (1849), Е. Боллер (1857), К. Немет (1873), X. Винклер (1884, 1900), Б. Мункачи (1911), Е. Поливанов (1924, 1927), Г. Рамстедт (1928, 1933), М. Рясенен (1955) ж. б. окумуштуулардын көңүлүн буруп, дүйнөлүк тектештирме-тарыхый илимде өзүнчө тармак катары калыптанган. XIX к-дын экинчи жарымынан тартып япон ж-a корей тилдерин алтай тобундагы тилдердин катарына кошууга өзгөчө басым жасалган. Е. Боллер, X. Винклер, Б. Мункачи, Е. Поливанов, Г. Рамстедт сыяктуу окумуштуулар аталган тилдер м-н алтай тилдеринин өз ара ген. тектештигин далилдөөгө аракеттенишкен. Бүгүнкү күндө A-да негизинен алтай тилдерине басым жасалып, теор. жактан эки багытта өнүгүүдө: а) алтай тилдеринин ген. тектештиги ж-дөгү теория; б) алтай тилдеринин типологиялык окшоштугу ж-дөгү теория. Биринчи теориянын жогоруда аталган негиздөөчүлөрү м-н бирге кийинки көрүнүктүү өкүлдөрү Н. Н. Поппе, О. Л. Суник,

И. Цинциус, И. А. Сыромятников, Н. А. Бас-каков, М. Матсумато, С. Мурамайо, о. эле кыр-гыз ж-a япон тилдеринин материалдарынын

негизинде изилдөө жүргүзгөн япон окумуштуусу И. Хиронори ж. б. алтай тилдеринин өз ара фонет., лексикалык, морфол. ж-a синтаксистик жактан болгон окшоштуктарын, б. а. жалпылыктарды алардын ген. тектештиги деп түшүндүрүшөт. Ал окшоштуктарга басым коюшат ж-a ушул багытта изилдөөлөрүн улантышууда. Ал эми экинчи теориянын өкүлдөрү В. Л. Котвич, Л. Лигети, Д. Клоусен, Г. Дёрфер, А. М. Щербак, Г. Санжеев ж. б. окумупггуулардын концеп циясы б-ча алтай тилдериндеги окшоштук-жалпылыктарды типологиялык жакындыктар ж-а алар тилдик узак карым-катыштын негизинде пайда болгон деп эсептешкен, андагы айырмачылыктарды көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Бүгүнкү күндө А. фонет., лексикалык, морфол., синтаксистик маселелердин тектештирметарыхый методунун негизинде ар тараптуу терең ж-a кеңири изилдөөгө алынган. С. Мусаев.