АБА ЫРАЙЫН БОЛЖОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:48, 27 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, прогноздоо (гр. prognosis – алдын алуу, билүү) – атм-дагы процесстерге талдоо жасоонун негизинде аба ырайы абалын күн мурунтан аныктоо. Абанын өзгөрүшүнө жараша к ы с к а (1–2 күнгө) ж-a у з а к (3–10 күн, ай, сезон ж-a бир жылга) мөөнөткө байкоо жүргүзүлөт. А. ы. б. ар бир пункт, трасса (мис., авиация үчүн), аймак б-ча аныкталат. Абанын темп-расы, күндүн ачык же бүркөктүгү, жаан-чачын, шамал, бороон-чапкын, күн күркүрөө, үшүк ж. б. кубулуштар тууралуу маалыматтардын түрүнө карай жалпы ж-a кошумча өзгөрүштөрдү билдирүүчү а т а й ы  А. ы. б. болуп бөлүнөт (мис., авиация үчүн күндүн ачыктыгы, булуттун төмөнкү ж-a жогорку чектери, шамалдын багыты ж-a ылдамдыгы, а. ч. үчүн жаан-чачындын болушу, сууктун түшүшү, үшүк же кургакчылыктын күтүлүшү ж. б., темир жол транспорту үчүн кардын, нөшөр жаандын, борошонун болушу). Болжоо 3 түрлүү: синоптикалык А. ы. б. – метеорол. станциялар м-н жердин жасалма спутниктеринен алынган маалыматтардын негизинде түзүлгөн синоптикалык картаны пайдалануу аркылуу, жергиликтүү белгилер б-ча А. ы. б. байкоолор жүргүзүлгөн белгилүү бир пункттагы аба ырайынын өзгөрүшүнүн негизинде, статистикалык А. ы. б. – белгилүү бир жерлердеги аба ырайынын өзгөрүшү, табигый кубулуштар ж-а аба ырайынын өткөндөгүсү м-н алдындагысынын аралыгындагы статистикалык байланышты пайдалануунун негизинде жүргүзүлөт.