АКРИЛ КИСЛОТАСЫ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
этиленкарбон кислотасы, СН2=СНСООН – бир негиздүү каныкпаган орг. к‑та. Мол. м. 72,06, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо 1141°С. Сууда, спиртте, эфирде, СНС13тө, бензолдо эрийт. Ал оңой полимерленип, полиакрил к‑тасын пайда кылат. Башка карбон к‑талары сыяктуу эле туздарды, хлорангидриддерди, татаал эфирлерди, амиддерди пайда кылат. Этилен сымал кошуп алуу реакцияларына кирет. Мис., суутек, галоген, галогендүү суутек молекулаларын оңой эле кошуп алат. А. к. ацетиленди гидрокарбоксилдөөдөн, акролеинди, пропиленди кычкылдандыруудан алынат. Полиакрил к‑тасын, ион алмаштыруучу чайырларды, каучуктарды, түрдүү эфирлерди, басмакана боёкторун, лак алууда колдонулат.