АК-МУЗ - Ат-Башы районундагы кыштак
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Нарын обл‑нун Ат‑Башы р‑ндагы кыштак. Ак‑Муз айыл аймагынын борбору. Боронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 2400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору АтБашы кыш‑нан 32 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 280 км. 1930‑ж. отурукташкан. Калкы 2793 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.