АК-КЫЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Нарын обл‑нун Кочкор р‑ндагы кыштак. Сары‑Булак айыл аймагынын борбо­ру. Кара‑Кужур суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 2476 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш‑нан 60 км түш.-чыгышта, Балыкчы темир жол бекетинен 120 км. 1946‑ж. отурукташкан. Калкы 610 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, участка­лык оорукана, мад‑т үйү, китепкана бар. Кыш­такта Соц. Эмг. Баатыры А. Долбаев туулган.