АККУМУЛЯТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу макса­тында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал батарея деген ат м‑н да белгилүү. Аларды за­рядцоонун жүрүшүндө хим. энергияны электр энергиясына өзгөртүүчү электр‑хим. элемент колдонулат. Азыркы мезгилде көп таралган коргошун‑кислоталуу А‑ду 1859‑ж. фр. физик

Гастон Планте ойлоп тапкан. Топтолгон энер­гиянын түрүнө жараша А. электрдик, гидрав­ликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик А. электр энергиясын хим. энергияга айландырып чогултат. Керек болгон­до ал энергия хим. реакциянын негизинде кай­ра электр энергиясына айландырылып, электр тизмегине берилет. Электрдик А‑дун кислота­луу ж‑а жегичтүү деген эки түрү бар. Кисло­т а л у у А‑дун электр кыймылдаткыч күчү ж‑а пайдалуу аракет коэффициенти чоң болгондук­тан, кыймылсыз кубаттуу орнотмодо колдону­лат. Жегичтүү А. – жеңил ж‑а жөнөкөй жасалгандыктан транспортто кеңири пайдала­ньшат. ГидравликалыкА. суюктуктун же газдын басымын ж‑а чыгымын теңдөө үчүн гидравликалык орнотмодо пайдаланылат. Ж ы­л у у л у к А. өнөр жай орнотмолорун буу ж‑а энергия м‑н үзгүлтүксүз жабдуу, жылуулук ж‑а күч берүүнү теңдөө максатында жылуулук энер­гиясын чогултат. Инерциялык А. сырткы күчтөрдүн кыймылын кинетикалык энергияга айландырып, аны кайра пайдаланат. Мис., ай­лануучу күүлөндүргүч дөңгөлөк.