АК-КУЙРУК СУУ БҮРКҮТҮ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Haliautus albicilla – суу бүркүттөр тукумундагы ири куш. Кара күрөң түстө, куйругу ак, тумшугу, көзү, буттары сары. Ал Чүй өрөөнүндө ж‑а Ысык‑Көл ойдуңдарында чанда жолугат. Бул түр ноябрдан апрелге чейин Ысык‑Көлдө кыштайт. Алар негизинен балык, кээде ондатр, өрдөк, каз м‑н азыктанат. Көлдөгү балыктардын азайышына байланыштуу бул түр азаюуда. Кырг‑ндын Кызыл китебине катталган.