АККОРД
Jump to navigation
Jump to search
(фр. accord, лат. accordo – макулдашуу, үндөшүү) – ар кандай бийиктиктеги бир нече добуштардын бир убакта үндөшүүсү. А. деп адатта добуштары терция добуш аралыгында
жайгашкан же жайгашууга мүмкүн болгон үндөштүк аталат. Түрдүү аталыштагы добуштардын А. курамына кирген санына жараша үч үндүк (3 добуш), септаккорд (4), нонаккорд (5) ж. б. болот.