АКВАРЕЛЬ
(итал. acguerella – суудагы боёк, лат. aqua – суу) – сууга эзилүүчү, оңой жуула турган боёк, о. эле аны м‑н тартылган живопись
(адатта желим кошулат). Аны кадимки эле кагазда боёкторду сууда эзип алып, тегерек баштуу жебилге м‑н тартышат. Өтө жука боёлгон катмардын жумшактыгы ж‑а тунуктугу А. живописинин эң маанилүү, өзгөчө касиети болуп эсептелет. Ак боёк ашыкча коюу боёк катары бул жерде колдонулбайт (аны бүт живопись аркылуу көрүнүп турган кагаздын ак түсү алмаштырып турат). Мындай сүрөт тартуу техникасынын мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен, ошону м‑н бирге кыйынчылыктары да бар. Кээ бир жетишпей калган жерлерин кайрадан түптамырынан бери оңдоп чыгуу көп учурда бул жерде мүмкүн болбойт. Кээде А. тунук эмес, салыштырмалуу коюу ак боёктор м‑н тартылат, мындай учурда бул материалдын негизги касиети кескин өзгөрөт ж‑а ал гуаштын өзгөчөлүктөрүнө жакындайт. Таза А. 15‑к‑дын башында кеңири пайдаланыла баштаган. А. боёгу тунук ж‑а сүрөттүн өңүнүн тазалыгы м‑н айырмаланат. 19‑к‑да көптөгөн өлкөлөрдүн ж‑а атайын сүрөт окуу жайларынын сүрөтчүлөрү (Э. Делакруа, О. Домье, П. Гаврни, А. Менцель, И. Е. Репин, В. И. Суриков, М. А. Врубель) көбүнчө А. жанрына кайрылышкан. Азыркы мезгилде Россияда А. м‑н С. Н. Андрияна, М. П. Митруч‑Хлебников,
А. Д. Шмаринов ж. б. иштешет. Санкт‑Петербургда В. Г. Старовдун акварелисттер мектеби, 1998‑ж. акварелисттер коому уюшулуп, жыл сайын эл аралык көргөзмөлөр өткөрүлөт. Кыргндын сүрөт иск‑восунда А. жанрына М. Өмүркулов («Студенттердин Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк 6‑фестивалынын делегаты»), А. Н. Михалев («Тянь‑Шань боюнча» акварель циклдери), С. Чокморов («Аксакалдардын отурушу», «Миндаль»), Р. Нудель («Кыргызстан бакчалары»), А. Турумбеков («Пейзаж», «Кечки Ленинград»), о. эле А. Биймурзаев, О. Апсатаров, У. Акунов ж. б. кайрылышкан.
Ад.: Акварель. Альбом произведений художников Киргизии. Ф., 1975. М. Карыбекова.