АК-БУЛАК - Ноокат районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– Ош обл‑нун Ноокат р‑ндагы кыштак. Кыргыз‑Ата айыл аймагына караш­туу. Кыргыз‑Ата суусунун оң өйүзүндө деңиз деңг. 955 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат кыш‑нан 10 км түш. тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км. Калкы 4743 (2009); негизинен мал чарбасында, тамекичилик­те эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.