АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК
Jump to navigation
Jump to search
– жогорку окуу жайларындагы профессорлордун жетекчилигинде өзүн өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу программаларын аныктоо ж‑а ички тартиптер б‑ча укуктар; билим берүү ж‑а ил.-из. жагында инсанга берилген өзгөчө укуктардын ж‑а эркиндиктердин топтому. Профессорлорду ж‑а ректорлорду шайлоо көз карандысыз, сырткы адм. бийликтин кийлигишүүсүз жүрөт. ЖОЖдордун профессор‑окутуучулар курамына, ил. кызматкерлерге ж‑а студенттерге төмөндөгүдөй эркиндиктер берилет: предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көз карашы б‑ча түзүү; ил.-из. темаларын тандоо; аларды өзүнүн ыкмаларынын негизинде жүргүзүү; студенттин өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө ж‑а муктаждыгына ылайык билим алуусу.