АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТА СҮЗҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
кайык спортунун бир түрү; спорттук атайын кайыкта жарышуу. Жарышуу үчүн – скиф, үйрөнүү үчүн клинкер тибинде жасалган кайыктар колдону­лат. Академиялык кайык эки калак м‑н айда­луучу, 1, 2, 4 кишилик ж‑а бир калак м‑н айда­луучу 2, 4, 8 кишилик болуп бөлүнөт. Кайык­тардын түзүлүшү, формасы ж‑а көлөмү ар кан­дай болушу мүмкүн, бирок ар бир кайыктын учу (мурду) 4 см ак түстөгү резина шары м‑н жабдылат. А. к. с. спорту 19‑к‑дын 1‑жарымын­да Улуу Британияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1892‑ж. уюшулган. 1900‑ж.

олимпиадалык оюндардын, 1962‑ж. дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кырг‑нда А. к. с. б‑ча А. Водоватов дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Мелдештер Чүй каналында ж‑а Ысык­Көлдө өткөрүлөт.