АЙЫРМАЧ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– өзү ээрде жүрө албаган 3–5 жаштагы кичинекей бала үчүн жасалган ат жабдыгынын бир түрү. А. кыргыздар көчмөн турмушта жашаган кезде балдарды өңөрбөй өзүнчө атка мингизген ж‑а атта жүрүүгө көндүргөн. А‑тын кашы м‑н артын бирдей кылып, кайчылаш аштап жасайт, ал ээрдикинен 10–15 см бийик бо-
лот. Бала ооп же ыргып кетпес үчүн А‑тын капталдарына туурасынан жалпак жыгачтар бекитилип, алар баланы эти оорубагандай тосуп, кармап турат. А‑тын үстүнө көпчүк салынат. Үзөнгү ордуна кийиз же териден кооздолуп жасалган «теминги» болот. А‑тын кайчылашып ашталган алдынкы кашы оймо‑чиймеленип кооздолот. Азыркы мезгилде А‑ты музейден гана көрүүгө болот.