АЙЫЛ ЧАРБА АЗЫК-ТҮЛҮГҮН САКТОО ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– а. ч. продуктула ры – дан азыктары (буудай, арпа, күрүч, буурчак, күн карама ж. б.), картөшкө, жер‑жемиштер, жашылча, мал чарбасынан алынуучу эт, сүт кайра иштетилип, ар кандай сапаттагы тамак‑аш түрлөрүн алуу. Чийки заттар (сырье) з‑ддо, цехте, фирмада кайра иштетилет. Эттен консерва, колбаса, чучук ж. б., сүттөн айран, кымыз, сары май, быштак, жашылча‑жемиштерден шире, кыям, ар кандай ичимдиктер ж. б. жасалат. Азык‑түлүктү сактоонун шарттуу эрежелери болот. Дан азыктары атайын дан сактоочу кампада, элеватордо сакталат. Кампа дан төгүлгөнгө чейин тазаланып, ичи ж‑а андагы курал жабдыктар аэрозоль же газ м‑н дезинфекцияланат. Дан азыктары кампага түшкөнгө чейин жакшы кургатылып, ар кандай кошулмалардан тазаланып, темп‑расы 10°Сден ашпоосу зарыл, төмөнкү темп‑рада дан азыктарынын дем алуусу, микроорганизмдердин өөрчүшү төмөндөйт. Үрөндүк арпа, буудай капта сакталат. Төмөнкү темп‑pa картөшкө, жашылчаны сактоочу жайларда сактоо мөөнөтүн узартууга шарт түзөт. Эт, сүт тез бузулуучу азык болгондуктан сакталуу мөөнөтү чектелүү, ошондуктан сөзсүз муздаткычта сакталышы керек.
Ж. М. Мааткеримова.