«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ
Jump to navigation
Jump to search
– төкмө акындардын чыг‑лыгын колдоо максатында түзүлгөн мекеме. Ишкер Садык Шер Нияз – тарабынан негизделген (2001). 2004жылдан фондцу төкмө акын Э. Иманалиев жетектейт. Фонд КРдин эл артисттери, акындар А. Айталиевдин ж‑a Т. Абдиевдин айтыш мектебинин түптөлүшүнө, төкмө акындар респ. эларалык айтыштарга активдүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фонддун колдоосу м‑н «Актаңдайлар» аттуу китеп жарык көрдү (2003), респ. айтыштардын видео, аудио кассета, компактдискеттери чыгарылды, үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) өз алдынча Интернет сайт (www/aitysh/kg) ачылды (2004). «Калемгер» адабий клубу негизделип, УТРКнын «Айтыш», «Чечен айтыш», «Бетме‑бет» телекөрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп турат. Ж. Медералиева.