АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкулович
Илгиз Төрөкул уулу [8.2.1931‑ж. т., Фрунзе] – тоо‑кен геомеханикасы б‑ча илимпоз, техника илимд. доктору (1985), КРдин УИАнын академиги (1989, корр. мүчөсү 1987), проф. (1991), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери,
илим ж‑а техника б‑ча СССРдин (1989) ж‑а Кыргыз ССРинин (1984) мамл. сыйл. лауреаты. 1954‑ж.
Москва геол. чалгындоо интун бүтүргөн. Кыргыз ССР Геология башкармалыгынын геол. чалгындоо партияларында ж‑а Каменский экспедициясында инженер (1957), КР УИАнын тоотектердин физикасы ж‑а механикасы ин‑тунда кенже ил. кызматкер, лаборатория башчысы (1960‑68), директордун ил. иштер б‑ча орун басары (1968‑70), директору (1970‑1990 ж‑а 19942004), КР УИАнын президенти (1990‑93), 198999‑ж. академик‑катчысы. Ил. эмгектери негизинен кендерди коопсуз ж‑а натыйжалуу иштетүү, чоң гидротех. курулуштарды куруу, айлана‑чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый ж‑а табигый‑техногендик кыйроолор проблемаларына арналган. Сейсмоактивдүү тоо аймактарында жер кыртышынын үстүнкү катмарындагы тектердин табигый чыңалган‑деформацияланган абалы ж‑дө концепцияны түзгөн. 260тан ашык ил. эмгектин (а. и. 8 монографиянын), 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу ж‑дө ил. ачылыш жасаган. III даражадагы «Манас» ордени м‑н сыйланган (2003).
Эмг.: Тампонирование обводненных горных пород в шахтном строительстве. М., 1972; Современные проблемы механики скальных пород в гидро‑энергетическом строительстве. М., 1985; Управление горным давлением на рудниках и шахтах Киргизии. Ф., 1979; Геомеханика рудных месторождений Средней Азии. Ф., 1987; Геомеханика оползнеопасных склонов. Б., 1999.