АЙТИЕВ Гапар
Гапар (15. 9. 1912, Ош обл., Кара‑Суу р‑ну, Төлөйкөн айылы – 16. 12. 1984, Бишкек ш.) – кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кылкалемдин улуу чебери, кыргыз улуттук профессионал сүрөт иск‑восунун негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер, СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР сүрөт академиясынын корр. мүчөсү (1973), Соц. Эмг. Баатыры (1982). Фрунзедеги агартуу интунун (кийин борбордук педтехникум) тарыхкоомчулук бөлүмүн бүтүргөн (1932). Сүрөтчүлүк
иск‑во б‑ча атайын билимди Москвадагы «1905жылды эскерүү» сүрөт окуу жайында алган. Ал 1934‑ж. Фрунзеде ачылган 1‑респ. сүрөт көргөзмөсүнө «Атанын портрети» (1932), «Колхоз катчысы Имангазы», «Түштүк кызы» (1934) деген портреттери м‑н үйрөнчүк катары катышкан. 30‑жылдардын экинчи жарымында жараткан «Колхозчулардын эс алуусу», «Физкультурниктер», «Байдагы батрак» сыяктуу жанрдык полотнолорунда турмуштун маанилүү жактарын чагылдырууга умтулат. Ал сүрөтчүлүк жөндөмүн портрет жанрында да сынап, С. Акылбековдун (1937), акын А. Осмоновдун (1938) портреттерин тарткан. Ал эми «Көлдөгү кайык» (1939), «Боз үйлөр» (1940) аттуу чыгармалары анын келечекте кыргыз пейзажынын чоң чебери болорун көрсөткөн. «Фронттон кат» (1943), «Пахта терүү» (1944), «Колхоз короосу» (1946) сүрөттөрү А‑дин олуттуу ийгилиги болуп, изденүүсүндөгү негизги багытын аныктады. Ал бардык жанрлар б‑ча ийгиликтүү
иштесе да, анын негизги жанры пейзаж болгон. «Кайыктар» (1947), «Жумгал өрөөнүндө» (1949), «Сазда» (1954), «Жалтылдаган көл» (1960) аттуу чыгармаларындагы образдар жөнөкөй көрүнүштөрдүн демейки элеси катары тартылган м‑н алардын негизинде рухий терең ой, өзгөчө бир ички байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк жатат. «Жайлоодогу чак түш» (1949), «Тоодогу кеч» (1958), «Кыштак четинде» (1956) деген чыгармалары, атактуу «Ысык‑Көлдөгү чак түш» картинасы бирин бири толуктап турат. 60‑жылдары А. «Чабандар» (1960‑61) аттуу полотносу, «Ысык‑Көл – кыргыз деңизи» (бул чыгармалары үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты болгон, 1967), «Тоодогу чөп чабуу» (1961) деген пейзаждарды жараткан. «Кыргыз жергеси» аттуу пейзаждар сериясы, «Тоо мейкини» (1964), «Чүй өрөөнүндөгү күз» (1965), «Анжияндын айланасы», «Түштүктөгү кеч» (1967), «Калкагар зоо» (1969), «Талаадагы тандыр» (1972), «Көңүл», «Тоодогу күүгүм» (1973), «Ойлонуу», «Кечки тынчтык» (1974) аттуу чыгармалары сүрөт өнөрүнүн бийик үлгүлөрүнөн болуп калды. А. асыл адамдар бейнесин боёктор кудурети м‑н жазуунун теңдешсиз чебери да болгон. М. Баетовдун (1949), Ч. Иманкуловдун (1962), элдик уз А. Бекбоеванын живопистик портреттери, сүрөтчү Ж. Кожакметов м‑н бирге жараткан «Акындар» (1957) аттуу залкар чыгармасы, «Жылкычы», «Токтогул» (1958), «Саякбай» (1965) ж‑а акын А. Токомбаевдин (1972) бедиздик портреттери жалпы көрүүчүлөргө белгилүү. А‑дин монументтик иск‑водо да айтарлык салымы бар. 195154‑ж. Кыргыз опера ж‑а балет театрынын имаратын жасалгалоого көркөм жетекчи болгон. Ал – көрүү залынын плафонундагы роспистин ж‑а театрдагы адамдын көз жоосун алган орнаменттик композициялардын автору. Нарын ш‑ндагы революционер Жукеев‑Пудовкинге , Фрунзедеги кыргыздын улуу демократ акыны Т. Сатылгановго (1974) коюлган эстеликтердин (арх. А. Исаев) автору. А. узак жылдар бою (1940‑68) Кырг‑н сүрөтчүлөр союзун жетектеп, кыргыз сүрөтчүлөрүнө ж‑а жалпы респ. сүрөт иск‑восунун өнүгүшүнө таасир тийгизген. А‑дин чыгармалары 1934‑жылдан жалпы союздук, 1958‑жылдан эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келген. 1970‑ж. Москвада, ж. Фрунзеде анын чыгармаларынын көргөзмөсү ийгилик м‑н өткөн. А‑дин эң мыкты чыгармалары кыргыз улуттук сүрөт иск‑во музейинин, Алматыдагы Шевченко атн. сүрөт галереясынын, Львов ш‑дагы сүрөт музейлеринин менчигине айланды. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү (1967), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Председателинин орун басары (8‑9‑шайланышы), 1969‑жылдан Кыргыз ССР Токтогул атн.
мамл. сыйл. б‑ча к‑ттин председатели болгон. Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ж‑а «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар м‑н сыйланган.
Ад.: Асанбеков С. Сүрөтчү. Ф., 1962; Черкасова Н.
В. Гапар Айтиевич Айтиев. 1961; Народный художник Киргизской ССР Гапар Айтиев. Каталог выставки. М., 1970; Первый киргизский художник: Г. Айтиев. Ф., 1983. С. Асанбеков.