АЙ-ТАМГА
Jump to navigation
Jump to search
– Ош обл‑нун Ноокат р‑ндагы кыштак. Төөлөс айыл аймагына караштуу.
Райондун борбору Ноокат ш‑нан 33 км батыш таранта, Кызыл‑Кыя темир жол бекетинен 15 км. Деңиз деңг. 1840 м бийиктикте. Калкы 2269 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, төрөт үйү, медпункт, чайкана бар. Атынын келип чыгышы кыргыздын бир уруусуна байланыштуу.