АЙВАН
14:20, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(перс. эйван бастырма, иван зал, ак сарай) – 1) О. Азияда турак жайлардын, мечиттердин ж. б. имараттардын алдына улай же өзүнчө курулган чатыры жайык, түркүктөр м‑н тирелген бастырма; 2) короонун ичиндеги бир, эки же үч тарабы ачык, кенен имарат‑зал (Парфия м‑н Сасаниддик Ирандын ак сарайларында, о. кылымдагы О. Азия, Иран, Афганистан ж. б. өлкөлөрдө мечиттер м‑н ак сарайларда адамдарды кабыл алуучу жай).
Кырг‑ндын аймагында (көбүнчө түштүгүндө) А‑ы бар көп турак үйлөр, мечиттер салынган (мис., Сулайман тоосунун этегиндеги мечит). Имараттын ортоңку чатыры купол түрүндө жабылып, капталындагылары кышкы имаратка ылайыкташтырылган. Мындай мечиттер О. Азиянын Самарканд, Бухара ж. б. ш‑ларында да кезигет.
Д. Өмуралиев.