АДЛЕР
22:00, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Альфред (7. 2. 1870, Вена – 28. 5. 1937, Абердин, Шотландия) – австриялык врач‑психиатр ж‑а психолог. Ал Вена ун‑тин бүткөндөн кийин врач болуп иштеген ж‑а 3. Фрейддин окуусун жактап чыккан. 1902‑ж. 3. Фрейд уюштурган психоаналитикалык коомго кирген. А. 1911‑ж. Фрейд м‑н кол үзүп, өз мектебин – «жеке (индивидуалдуу) психологияны» негиздеген. А‑дин бул мезгилдеги эмгектери негизинен невроз проблемасына, органикалык деффекттердин, тубаса кемтиктердин инсандын өнүгүүсүнө тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Психопатологиянын маалыматтарына таянып, компенсациялоо (толуктоо) ж‑дөгү окуусун жараткан. Инсандын өнүгүүсүнүн универсалдуу булагы А. б‑ча адамдын азап чегишинен, ызасынан келип чыккан кембаа, сезим өксүк. Ал ар адамдын артыкчылыкка, позитивдүү өнүгүүсүнө умтулуусун туудурат, аны «бийликке карата» эрк деп белгилеген. Мына ушундай умтулуунун натыйжасында өксүгү толукталат, мис., эгер адамдын денесинде кандайдыр бир талуу жер же өксүк (көзү чалыр, кекеч, бою кичинекей, чабал) болсо, ал өзүнүн физиологиялык кемчилигин социал. артыкчылыктарга (карьера жасоого, чыгармачыл дараметтерин өнүктүрүүгө. спорт м‑н машыгууга ж. б.) умтулуу аркылуу компенсациялайт. Чечендик өнөрү м‑н даңкталган байыркы грек оратору Демосфен бала чагында кекеч болгон. Улуу аскер башчылары, мамл. саясий ишмерлер: Суворов, Ленин, Сталин, Наполеон, Рузвельт орто же кыска бойлуу адамдар болушкан. А. тарабынан сунуш кылынган «өксүк комплекси» түшүнүгү илимде, коомдук аң‑сезимде кеңири тараган.
Т. Эсенгелдиев, Р. Амираев.