АЙНЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – аморфтуу, морт, тунук материал. А. пайда кылуучу металл ж‑а металл эместердин оксидцеринин балкып эриген эритиндисин муз­датуудан алынат. А‑тин физ., хим. касиеттери анын хим. курамына, кайнатуу ж‑а формага келтирүү шартына, андан кийинки жылуулук, хим., мех. иштетилишине жаратпа болот. Анын

бир нече түрү бар. Силикат А‑нин негизги ком­поненти – Si02. Көп компонентүү силикат А‑тин негизи NaaO‑CaO – Si02 системасынан ж‑а А1203, MgO кошундусунан турат. В203 бораттык А‑тин’негизги компоненти. Na20 – В203 – Si02 ж‑а Na20 – А1203 – Si02 системаларынын не­гизинде алынган бор‑силикаттык А‑терге ка раганда жогорку темп‑рага туруктуу А. – пи­рекс кеңири колдонулат. Фосфаттык А‑тин не гизги компоненти – Р205. А. алынуучу матери­алдар – таза кварц куму, сода, шакар, натрий сульфаты, фосфор к‑талары, коалин, талаа шпаты, цинк оксиди ж. б. кошумча материал­дар – боёгуч ж‑а жалтыратуучу заттар, оксид­дендиргичтер, өң бергичтер. А‑тин курамына NiO, Fe203, Ag, Се203 кошулса- сары; Сг 03, СиО – жашыл; СиО, СоО -көк; Fe203, FeS, Ti203, Bi2S – күрөң; Au, Си, CdS, CdSe – кошулса кыз­гылт, кызыл түскө ээ болот. А‑ти формага кел тирүү үчүн пресстөө, үйлөтүү, чоюу, прокаттоо ыкмалары колдонулат. Кварц А‑ги 2000°Сден жогору темп‑рада табигый кварцты же синтез­дик Si02ни электр мештеринде эритүүдөн алы нат. А. курулушта, түтүк даярдоодо, медицина­да, хим. лабораторияда, ядролук реакторлор­до, оптика аспаптарын, рентген түтүктөрүн, ай­нек‑цемент, айнек‑эмаль, глазурь өндүрүүдө кол донулат.