АЙЛАНМА КАПИТАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражатта­ры; А. к. туруктуу капиталдын (сырьё, матери­алдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) ж‑а өзгөрулмө капиталдын элементтеринде жүзөгө ашырылат. А. к. наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги ж‑а айланма болуп бөлү­нүшү өндүрүш капиталына тиешелүү ж‑а жү­гүртүү капиталына (товардык ж‑а акча) кир­бейт. А. к‑ды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары К. Маркс ачкан. А. Смит аны товар дык же соода капиталы катары караган. Д. Ри кардо А. к‑ын жумушчу күчүн сатып алууга жум­шалган чыгымга окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы А. к. түшүнүгүн бөлүп ка­рабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капи талы м‑н катар жүгүртүү, товардык ж‑а акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк актив­дерди түшүндүрөт, к. Айланма каражаттар.