АЙКИДО
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
(япончо – күчтү топтоо жолу)– Чыгыштын өзүн‑өзү коргоо боюнча жекеме‑жеке күрөшүү чеберчилигинин япониялык түрү. А‑ну япониялык мастер Морихей Уесиба самурайлардын аскер иск‑восунун негизинде спорттун бир түрү катары иштеп чыккан (1920‑30‑ж). А. жоокердик кесиптин чеберчилиги катары өзүнө кэндо, бодзюцу, джиу‑джицу сыяктуу бир нече стилдерди камтыйт. Мында каршылашынын аракетин өзүнө бурдуруу максатында чабуулдап ж‑а кайра кармоодон тез кетүү пайдаланылат. А‑нун ыкмаларынын жети жүз жыл-
дык тарыхы бар, түпкү тамыры Knoй доорунан башталат. А. ыкмалары ар тараптан келишкен, адамдын денесин ж‑а анын руханий жактан өсүшүн көздөйт. А. бул табият м‑н адам дын тыгыз байланышын көрсөтүүчү система деп айтылат. Мында адам өзүнүн психикасынын тереңиндеги касиеттерин даана көрсөтө ала тур ган таймашуунун жагдайлары топтолгон. Кырг‑ндын А. федерациясы 1995‑ж. Бишкекте түзүлүп, 1996‑жылдан А‑нун Бүткүл дүйнөлүк борбору – Айкикай Хомбу Додзе (Токио, Япо ния) тарабынан таанылган. Кырг‑нда бүгүнкү күндө А. башка чыгыш таймашууларынын катарында өнүгүүдө.